“ПолитКлиника” ЭлТРдин айыптоолоруна фактылар менен жооп берди

8-февралда ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” медиасын жалган маалымат таратууга айыптаган берүү жарыялады. Анда аталган канал “ПолитКлиника” медиасын “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” аталышындагы материалда расмий эмес маалыматтарды колдонуп, бурмалоо жолу менен жалган маалымат тараткан деп” айыптаган.

Атайын репортажда ЭлТР “басылма кечирим сурабаса, сотко кайрылабыз” деп билдирген.

“ПолитКлиника” медиасынын материалындагы маалыматтардын баарына далилдер бар экенин билдирген агенттиктин «Биздин медиа бул үчүн кечирим сурабайт жана өз чындыгын сотто далилдегенге даяр. Төмөндө ЭлТРдин айыптоолоруна фактылар менен жооп беребиз», -деп видеоматериал жарыялады.

YouTube video