Кыргызстанда Түркияга жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылды

Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргызстанда акча каражаттарын чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркияга жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле, ӨКМдин түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президентинин администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Белгилүү болгондой, президенттин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары которгон.