Кыргызстанда бензин арзандады

2023-жылдын башынан тартып чекене сегментте күйүүчү-майлоочу майларга баанын төмөндөө тенденциясы байкалган.

Монополияга каршы кызматынан билдиришкендей, Бишкекте жыл башына салыштырмалуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин арзандашы 1 литри 5 сомду, дизель майынын 1 литри 1,2 сомго чейин арзандады.

Аталган кызмат баанын төмөндөшү Бишкек шаарында да, республиканын башка аймактарында да майда нефтетрейдерлердин баасына таасирин тийгизгенин белгилейт.

«Февраль айында баа рыноктун негизги оюнчулары тарабынан акырындык менен төмөндөйт. Бул күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айлык запасын эске алуу менен пландалууда, — деп айтылат маалыматта.