Бишкектин борборунда бак-дарактар кыйылып жатат

Бишкек шаарынын борборунда бак-дарактарды кыйып жатышат. Бул тууралуу окурман билдирди.

Анын айтымында, бак-дарактар 7-февралда Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде кыйылып жатат.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмне үчүн бак-дарактар кыйылып жаткандыгын түшүндүрүп бере алышкан эмес.

Эске салсак, былтыр катуу шамалдан улам бактар кулап түшүп, бир нече унаанын терезелерин талкалаган.