ВИДЕО: Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатканын токтото элек

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу аракеттерин улантууда, – деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары тарабынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча тиешелүү иштер улантылууда.
2023-жылдын 16-апрелинде Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны У.И.С кармалып, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 17500 сом айып салынды. Мындан тышкары, ошондой эле КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин (Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу) алкагында 12 500 сом айып тагылды”, – деп айтылат билдирүүдө.


Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2023 04 18 at 13.44.00 1 ВИДЕО: Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатканын токтото элек
bc8236fc ec72 4f38 9949 b8cac6c3c5b9 ВИДЕО: Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатканын токтото элек
51a06670 1e27 40dd 8e86 956b55bba753 ВИДЕО: Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатканын токтото элек