Алмазбек Бейшеналиевдин соттук иши жылдырылды

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши каралды.

Соттук отурумда Бейшеналиев күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип кармалып, андан кийин эки айга камакка алынган.