ТИМ: Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.

Чет өлкөлүк маалымат каражаттары Түркияда кеминде 76 адам каза болуп, 440 адам жабыркаганын маалымдаган.