Бишкекте 32 жаштагы Улукбек эки айдан бери дайынсыз болууда

Бишкек шаарында былтыркы жылдын 2-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы Улукбек Шаршенбек уулу табыла элек. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө борбор калаанын тургуну кайрылып, күйөөсү 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Акыркы жолу байланышканда, күйөөсү мончодо экенин айткан.

Ага байланыштуу 28-декабрда шаардык милиция коомчулукка кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган.

Белгилери: бою 180-185 см, дене түзүлүшү олбурлуу, чачы кара.

Кийген кийими: кара куртка, кара жинсы шым, күрөң водолазка, кара өтүк.

Милиция Шаршенбек уулу Улукбектин жүргөн жерин билгендер же көргөндөр болсо, 0500 607 067 телефонуна жана 102 кызматына байланышууну суранат.