Түркияда Көчмөндөр оюнуна карата даярдыктарга старт берилди

Көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндарын ушул жылдын сентябрь айынын аягында өткөрүү болжолдонууда.

Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев Facebook баракчасына жазды.

“Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун төрагалыгында Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин ишине Түрк мамлекеттер уюмунун Генералдык секретарынын орун басары катары катыштым. Түркияда Көчмөндөр оюнуна карата даярдыктарга старт берилди. Көчмөндөр оюнун ушул жылдын сентябрь айынын акырында өткөрүү болжолдонууда. Бүгүнкү күнгө карата 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө.


Көчмөндөр оюнун алкагында маданий программага айрыкча орун берилген. Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылган”, – деп жазды Раев.