Жумгалда “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Нарын ОИИБи: Жумгалда “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

WhatsApp Image 2022 02 08 at 08.49.50 1 Жумгалда "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору Жумгал районунун Чаек айылынын О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз” аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, анда зордук-зомбулук жана рекетчилик боюнча видео ролик көргөзүлдү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт көргөзмө өткөрүлүп, ар бир тартылган сүрөттөр боюнча түшүндүрмө берилип, жыйынтыгында эң мыкты деп табылган сүрөт ээлерине Жумгал РИИБү тарабынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле мектеп окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү рекетчилик алардын тийгизген таасирлери тууралуу маалыматтар айтылып, атайын лекция өтүлүп окуучулар арасында көйгөйлүү маселелер талкууга алынып ачык айкын сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мектеп жамаатына зордук-зомбулук боюнча окуу китептери берилди.

Мындан тышкары район аймагында орто мектептеринде профилактикалык түшүндүрүү д улантылууда.

WhatsApp Image 2022 02 08 at 08.49.50 Жумгалда "Биз зордук-зомбулукка каршыбыз" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы