Айбек Жунушалиев: “Отставка тууралуу эч ким, эч нерсе деп айта элек”

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев өзүнүн отставкасы тууралуу айың кептер тууралуу комментарий берди.

Калаа башчы кызматынан кетүүнү пландап жатпаганын жана бул тууралуу укпаганын айтты. “Учурда президент менен иш сапарда жүрөм. Отставка тууралуу эч нерсе айтылган жок”, – деп билдирди Жунушалиев.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кетиши мүмкүн деген сөздөр кызуу талкууга алынган.

Жаңы мэрликке талапкерлердин бири катары Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу аталган.

Эске салсак, Айбек Жунушалиев мэрлик кызматка 2021-жылдын 3-сентябрында келген.