Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алат. “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо жөнүндөгү келишимди ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, каражатка 600 “акылдуу эсептегич”, мындан тышкары айылдарда көчөгө коюла турган трансформаторлордон 1 миң даана жана эки электр устунунун ортосундагы төрт зымды алмаштыруучу 350 километр өз алдынча изоляциялануучу зым сатылып алынат.
Сумманын 25 миллиону грант, 25 миллион сому насыя болот.