Ошто Өзбекстанда кылмыш жасап, чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери 2023-жылдын 26-январь күнү жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалганы айтылат.

“Бул чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө”, – деп билдиришти мекемеден.