Ош аэропортуна келген жаран Данияр Деркембаевдин чемоданын аталган жайдын кызматкерлери өткөн жумада сындырып алышкан.
Бул тууралуу Данияр Деркембаев өзүнүн жеке баракчасында билдирди.
“Өткөн жумада мен бул аэропорттун учагы менен келип конгондо, чемоданымдын буту сынып калганына нааразы болуп жүк ташуучуларга карата акт жазгам.
Жүк ташуучулар өздөрүнүн катасын сезип, мага кайра жаңы чемоданды үйүмө алып келип беришти. Аэропорттун кызматкерлерине ыкчам чара көрүшкөндөрүнө ыраазымын”, – деп жазды Деркембаев.