Корумду чокусунда жоголгон 2 альпинисттин сөөгү табылып, үчүнчүсү изделүүдө

Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттердин экөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу жоголгон альпинисттердин жакындары тарабынан түзүлгөн куткаруу операциясынын жетекчиси Александр Смирнов билдирип, учурда үчүнчү альпинистти издөө иштери уланып жатканын айтты.

16-августта дрондон тартылган видеолордон кар көчкү жана таш түшкөн жер аныкталып, ал жерде альпинисттердин сөөгү болушу мүмкүн экени болжолдонгон. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттердин сөөктөрү эмес, алардын буюмдары гана табылганын билдирген.

“24-августта эртең менен тик учак беш альпинисттен турган топту 4300 метр бийиктиктеги таштады. Куткаруучулар лагерь куруп, иштей башташты. Кечке маал алар эки альпинисттин сөөгүн табышты. Түшүрүү иштери башталды. Үчүнчүсүн издөө уланууда”, – деп жазган Смирнов.

Белгилесек, беларустук 43 жаштагы Максим Полянский, 60 жаштагы Николай Свиридов жана 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов 4-августта 6612,5 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна жеткенден кийин байланышка чыкпай калышкан.