Көчмөндөр оюндарына карата «Тайган жарыш» күмүш тыйыны чыгарылды

Кыргызстандын Улуттук банкы 25-августтан тарта «Тайган жарыш» коллекциялык күмүш тыйынын жүгүртүүгө чыгарды. Аны чыгаруу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган.

Маалыматка караганда, ал кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды.

«Тайган жарыш» — кыргыз элинин салттуу мелдештеринин бири. Тайгандар жарыша турган бул мелдеш байыртадан бери ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген. Учурда ал өз актуалдуулугун жоготпой, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий программасына киргизилген.

Белгилей кетсек, коллекциялык монета Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутуга жайгаштырылган.

«Тайган жарыш» коллекциялык монетасы Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 8 миң 900 сомдон сатылат. Монетаны иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин сатып алууга болот.