Кыргызстан 9,3 миң тоннадан ашык кумшекер экспорттоду

2026-жылы Кыргызстан 9 миң 357,3 тонна кумшекер экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында быйыл кант кызылчасы 11 миң 800 гектар аянтка себилди. Ведомстводон белгилешкендей, тармакты өнүктүрүү азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, кайра иштетүүчү ишканалардын туруктуу иштешине жана ата мекендик продукциянын экспортун көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле министрлик заманбап агротехнологияларды киргизүү, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана дыйкандар менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо багытында иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 68 миң тоннага жакын кумшекер өндүрүлгөн — бул бир жыл мурункуга караганда дээрлик эки эсеге аз. 2024-жылы өндүрүштүн көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 120 миң тоннаны түзгөн.

Ошол эле учурда өлкөнүн жылдык керектөөсү болжол менен 155 миң тонна деп бааланат. Жетишпеген көлөм импорттун эсебинен жабылат.