Президент Монголия жана Казакстандын элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Монголия менен Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчилери — Тэгшжаргал Дэмчигдин жана Абылкаир Скаковдун ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясынан билдиришти.

Монголиялык дипломат менен болгон жолугушууда тараптар сооданы, транспорттук байланышты жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Казакстандын элчиси менен болгон маектешүүдө кеп соода-экономикалык өз ара аракеттенүү, отун-энергетика тармагындагы кызматташтык, чек ара инфраструктурасын өркүндөтүү жана маданий байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө болгону белгиленет.

Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга келишин күтүп жатканын кабарлады. Алар ШКУ жана ШКУ+ саммиттерине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышышат.