
Ош шаарында 20 жаштагы кыз 6-кабаттан боюн таштап каза болду. Маалыматты редакцияга Ош ШИИБден билдиришти.
Башкармалыктын маалыматына караганда, окуя 27-августка караган түнү болуп, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө катталган.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барып алгачкы текшерүү иштерин жүргүзгөн. Такталгандай, 2006-жылы туулган Т.А. аттуу кыз Партсьезд көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан боюн таштаган. Ал Кара-Суу районунун тургуну экени, ошол күнү туугандарынын үйүнө конокко барганы аныкталган.
“Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча, 20 жаштагы кыз бирөөлөргө болгон таарынычтарын айтып, кийинчерээк күтүүсүздөн терезеден боюн таштап жиберген. Жабыркаган кыз “Тез жардам” менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Бирок алган жаракатынан улам ооруканада каза болду”, – дешти милициядан.
Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар суракка алынды. Учурда бул факты боюнча, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.






