
Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышында Россия 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даярдыгы тууралуу расмий кат түшкөнүн жарыялагым келет. Бул үчүн Россиянын жетекчиси Владимир Путинге ыраазычылык билдирем. Биз россиялык тарапка бул эл аралык иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди президент.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи бүгүн, 31-августта Бишкекте өтүүдө. Оюндардын негизги спорттук программасы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтөт.






