
Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоо тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып министрлер кабинетинин токтому менен жөлөк пул алууга муктаждыкты аныктоонун жаңы критерийлери киргизилет.
Андагы кепилденген эң төмөнкү киреше 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин жогорулатылат. Ошондой эле үй-бүлөнүн жеңил унаасынын чыгарылганына 15 жылдан ашкан болсо, жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Мындан тышкары, эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөк пул алуудан четтетилет. Айыл жерлеринде жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө нормативдери да жаңыланат.
Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөк пул менен камтууну кеңейтүүгө жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатууга багытталган.






