Ала-Буканын тургуну 29 кг ашуун баңгизатты үйүндө сактап жүргөн

Ала-Бука районунун тургуну 29 кг ашуун баңгизатты үйүндө сактап жүргөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ала-Бука районунда “У” аттуу жаран өзүнүн жашаган үйүндө баңгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча материал Ала-Бука райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында максатысыз даярдоо») негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган иш боюнча тергөө тапшырманын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Ала-Бука районунун Теңги айылынын тургуну Ю. У. баңгизаттарды жашаган үйүндө сактап жүргөндүгү такталган. Соттун чечими менен шектүү 1969-жылы туулган Ю.У.нун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жалпы 29 кг ашуун баңгизат табылган.

Мындан сырткары, Ю.У. ошол эле айылдагы апасынын үйүндө сакталган 405 грамм болгон баңгизатты өзүнүн каалоосу менен өткөрүп берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.Ю. баңгизаттарды өзүнүн короосунда өстүрүп, ошондой эле талаадан чогултуп келерин жана өзү дагы колдонорун айткан.

Учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү тергөө бөлүмүнө камсыздалып, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.