Ала-Букада 98 жашка чыккан милициянын ардагери сыйланды

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду. Аны менен катарлаш  Ала-Бука районун тургуну ички иштер органдарынын  ардагери, милициянын старшинасы Камалов Артык аксакал да 98 жаш кутман курагын белгилөөдө.

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милициянын түзүлгөн жылында туулуп, милицияда кызмат өтөп, 1982 жылы ардактуу эс алууга чыккан ардагерди райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ала-Бука РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев жана Ала-Бука районун ардегерлер кеңешинин төрагасы, ардактуу эс алуудагы милициянын майору И. Стамалиевдер  куттукташып, ардагерге белектерин тартуулашты.

Ал эми 98 жаштагы ардагер формачан кесиптештерин көрүп кубанычы кучагына толуп, алакан жайып жергебизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибизде токчулук болушун каалап келген конокторго ак батасын берди.

WhatsApp Image 2022 11 01 at 06.19.56 1 Ала-Букада 98 жашка чыккан милициянын ардагери сыйланды
WhatsApp Image 2022 11 01 at 06.19.55 Ала-Букада 98 жашка чыккан милициянын ардагери сыйланды