Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын эки конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн Мурас-Ордо конушунда саат 9.00дөн 18.00гө чейин, Калыс-Ордо конушунда саат 9.00дөн 15.00 гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.