Ала-Букада төрт жаран бычакталып, бири каза болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрт жаран бычакталып, бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алишер Эрбаев билдирди.

Депутат окуя 16-январда болгонун айтып, ички иштер министри Нурбек Абдиевден бул ишти көзөмөлгө алууну өтүндү.

“Бул окуя Ала-Букадагы эки айылдын балдарынын мушташуусунан улам келип чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган. Тергөө аяктагандан кийин дагы маалымат беребиз”, — деди Нурбек Абдиев.