Ахматбек Келдибеков АКШга элчилик кызматка барабы?

 Социалдык тармактарда Ахматбек Келдибеков АКШнын элчиси кызматына барары тууралуу азын-оолак кептер тарап жатат.

Алсак, «Учкун»ААКнын директорунун орун басары Турсунбек Бейшенбеков: “Келдибеков элчи болуп калса, катыра иштеп берет”, -деген пикирде.

6ee083dd e222 46fd a7c2 94acdc075519 Ахматбек Келдибеков АКШга элчилик кызматка барабы?
2aa48929 5be3 4b84 b5a1 f3e5bf7bfc67 Ахматбек Келдибеков АКШга элчилик кызматка барабы?

Ошондой эле, өкмөттү жактаган кээ бир маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын АКШдагы учурдагы элчиси Бакыт Аманбаев менен буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушууда Кыргызстандын жетекчилиги жөнүндө терс ойдо экенин билдирген.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин дипломаттын иш-аракеттерин баалоого чакырышкан.

“Тышкы иштер министрлиги бардыгын кылдат текшерип, Бакит Аманбаевтын иш-аракеттерин баалоого тийиш. Болбосо мындай адамдар президенттин бийлигин бузуп, өлкөгө зыян келтириши мүмкүн”, – деп жазат айрым гезиттердин бири.

Аманбаев бул тууралуу эч кандай комментарий бере элек.