УКМК мамлекеттик экспертизанын директорун кармады

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 18-январында КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору М.У.Ж. кармалды.


Кармалган М.У.Ж. Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда материалдык пайда алуу максатында ал подрядчы “Дос-строй” үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан. М.У.Ж.дун мындай аракеттери “Дос-Строй” ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон “Болот уста” ЖЧКсы менен субподрядчы түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган.


Өз кезегинде, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 миллион сомдон ашык акча каражаты пара түрүндө “Болот уста” ЖЧКсы тараптан эмгек акы төлөнгөн. Ошону менен бирге, социалдык объектини тапшыруунун мөөнөттөрү бир топ кечиктиргендигине байланыштуу, Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштеринин көлөмү бүтпөй калган.
Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4 миллион 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.