Арсланбек Малиевдин принтери жоктугунан иштей албай жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев эч кандай шарттын жогунан иштөөгө мүмкүн болбой жатканын айтып, бүгүнкү 1-февралда болгон парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиевге даттанды.

Эл өкүлү депутат болуп келгенине бир жылдан ашса дагы, компьютер, принтери жок экенине нааразы болуп, ага эч ким көңүл бурбаганына кейиди.

Төрага Нурланбек Шакиев депутатка компьютер бергенине ыраазычылык билдирди.

“Өзүңүздүн компьютериңизди бергениңизге ырахмат, бирок, принтер, көчүрмө техника жок болуп кыйналып жатабыз. Мен сизге айтканыма эки ай болду. Сиз сөз бергенсиз. Ыкчам чечиңиз бул көйгөйдү”, – деди эл өкүлү.