Билим берүү министрлиги 50 млн сомго компьютер сатып алат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы билим берүү уюмдары үчүн персоналдык компьютерлерди сатып алууга сынак жарыялады. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Ушул жылдын 4-июлунда жарыяланган тендердин шарттарына ылайык, министрлик бул максаттарга 49,9 миллион сом жумшаганы жатат.

Заказ берилген техниканын саны 836 даана. Ошентип ар бир мектеп компьютерине дээрлик 60 миң сом сарпталат.