Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара менен кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345 (Пара берүү) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү системасында катталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 31-январында атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 000 сом акча каражатын которуп жаткан учурда Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.

Тактап айтканда, кармалган  Т.М.З. Аламүдүн райондук электр тармактарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

1602636.9250380875c7d5e03152fa910b84035c Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара менен кармалды