Мыйзамсыз жазылган дарылар үчүн мамлекетке 4 миллион сомго жакын зыян келтирилген

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан райондун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин арызынын негизинде райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда текшерүү жүргүзүлгөн.

 2022-жылдын 9 айында электрондук рецепттик маалымат тутумун колдонуу менен белгисиз адамдар үй-бүлөлүк дарыгерлеринин кирүү мүмкүнчүлүгүнөн (логин жана пароль) пайдаланып, мыйзамсыз түрдө жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сомдук 3657 рецепт жазып беришкен, анын ичинде каза болгон 66 бейтаптын атына жазылган.

Түзүлгөн келишимге ылайык калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоону ишке ашырууга катышкан дарыканаларда 3657 электрондук рецепттин баары мыйзамсыз берилген, деп айтылат маалыматта. Ошентип, көрсөтүлгөн сумма ММК фондунун бюджетинен которулган.

Прокуратура “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.