Жалган маалыматка каршы жети редакция бирикти

Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип,  Checkit Media аттуу жаңы платформа түзүлдү. Бул Интерньюстун “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашты.  

Эске салсак, 2020-жылдан тарта 4 редакция: Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg жана  “Апрель ТВ” “Медиа-БлокПост” аттуу улуттук платформага биригип, пандемия убагында дезинформация менен активдүү күрөшүп келген.

Медиалардын бирдиктүү иш алып барышы COVID-19 пандемиясынын учурунда калк арасында чуу жараткан фейк жаңылыктардын агымы менен күрөшүүгө мүмкүндүк берди. 

Дезинформацияга каршы күрөш андан ары дагы уланып, 2020-жылкы шайлоо учурунда күч алган манипуляция, саясий кризис жана кара PRга каршы жүргөн. 

Мындан тышкары, фактчекерлер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 2021- жана 2022-жылкы чек ара жаңжалдарындагы фейктерге каршы ыкчам күрөшкөн. 

Мурда “Медиа-БлокПост”, азыр Checkit Media

Бүгүнкү күндө фейктерге каршы күрөшкөн массалык маалымат каражаттарынын саны көбөйүп, шериктештикке Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кошулду. Мындан ары 7 редакция биригип, Checkit Media брендинин аты менен иштейт. 

“Биз буга чейин материалдарды көбүн эсе текст түрүндө жарыялап келгенбиз. Эми видеого көбүрөөк көңүл бурабыз”, – деп билдирди башкы редактор Асель Сооронбаева, – “кыргыз тилине басым жасоону пландаштырып атабыз, себеби, дал ушул кыргыз тилдүү аудитория, тилекке каршы, жалган маалыматка көбүрөөк кабылганын тажрыйба көрсөттү”. 

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулованын айтымында, мындай демилге өлкөдөгү журналисттердин ынтымагын жана биргеликте натыйжалуу иш алып барарын айгинелейт. 

sm6lUMkoHHu6c0Bu9q9MghuyaiAy9pnySyWZAllDDxCvlxdTedVxa19j6S7k DKUf Tpu5B4 43mKFjBR9QooThX1R gN3o72m0Mg3PcDOHRmyIrAWAT7v7v Жалган маалыматка каршы жети редакция бирикти

“Бири-бирине атаандаш редакциялар жалган маалымат менен күрөшүү үчүн бардык эле өлкөлөрдө биргеликте иш алып бара албайт. Азырынча бул Борбор Азия аймагындагы алгачкы жана жападан жалгыз фактчекерлердин бирикмеси. Биз мындай шериктештик дагы да болоруна тилектешпиз”, – деди Каракулова. 

YouTube video

“Медиа-БлокПосттун” үч жылга жакын ишинин жыйынтыгында шериктештиктин маанилүүлүгүн түшүндүк.  Биз биргеликте иликтөөлөрдү жасап, оорчундуу материалдарды ар бир редакциянын аянтчаларына чыгарып турдук. Бул маанилүү макалалар үчүн максималдуу аудиторияга жетүүгө өбөлгө түздү, редакциялардын коопсуздугуна да таасирин тийгизди. Биздин катарыбызга кесиптештерибиз кошулганына кубанычтамын”, – дейт  Сооронбаева. 

“Бүгүнкү күндө сөз эркиндигине болгон кысым күчөп турганда редакциялардын биргеликте иш алып барышы өтө маанилүү. Келечекте биздин демилге мындан да ири долбоорго айланып, жалган маалыматка каршы күрөшүү натыйжалуу уланарына жана Checkit Media ири аудиториянын ишенимдүү булагына айланарына тилектешмин”, – деп билдирди Сооронбаева. 

Бизге каттал жана чындыкты бил! 

Социалдык тармактардагы баракчалар: