Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

63d7a15596475 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт

Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

«Депутаттарга ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо жана алтынды кенден тышкары уруксатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын жетекчилиги, алтындын ар бир граммы көзөмөлдө экенин белгилеген.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

63d7a15593632 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a15099d19 1 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a15201889 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a156619ef Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a15099d6a Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a1568b9c1 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a154cbe9b Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a156bdd8b Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a155e6c95 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a152249d8 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a153bf2ac Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a154cd62e Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт
63d7a152d4522 Акылбек Жапаров менен бир катар депутаттар «Кумтөргө» барышты, — сүрөт