ИИМ: Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Ал мурда 9 жолу соттолгон

Буга чейин ички иштер органдарына Кара-Суу районунун жашоочусу унаа сатууга байланышкан алдамчылык аракеттер боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2020-жылдын жазында бейтааныш жаран жабырлануучунун ишенимине кирип, баасы 10500 АКШ доллары турган унаасын ээлеп алган. Жабырлануучуга ири суммадагы материалдык чыгым келтирилген. Кийин аныкталгандай, унааны ал башка жаранга сатып жибергени айтылат.
Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзө башташкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ош шаарынын аймагынан 1980-жылы туулган А.Ч. кармалып, тергөө органдарына жеткирилди. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран мурда 9 жолу соттолгон.

Алдамчылык жөнүндө кылмыш ишин иликтөөнү Ош ШИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.