
Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы окуучу кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдү биринчилерден болуп ата-энеси көрүп калган. Ал өз үйүнүн короосунда асынып алган абалда табылган.
Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
«Сөөктү кароодо зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес»,-деп айтылат маалыматта.
Иликтөө иштери уланып жатат.