“Зыяндын суммасы 200 миң сомдон ашты”: Аткезчилик жол менен ташылган тамекинин ири партиясы кармалды

Бишкекте Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып бараткан тамекилерди кармашты. Келтирилген зыяндын суммасы 200 миң сомдон ашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаш Гвардия/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен Кыргыз Республикасынын жараны Б.Г.С.нын башкаруусундагы Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаа токтотулган. (башкы тамгалар өзгөртүлдү).

«Унаанын салонунан акциздик маркасы жок 80 куту тамеки табылган. Жүк бажыдан өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 211 миң 65 сомду түздү”, деп айтылат маалыматта.

Аталган факты АИС ЖУИ ЭРП ге катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.