Орозайым Нарматова абактан чыгып, ооруканага которулду

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган активист Орозайым Нарматова үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 30-январындагы токтомуна ылайык, Нарматовага карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2023-жылдын 20-февралына чейин үй камагына өзгөртүлдү.

Ал эми жактоочусунун маалыматы боюнча сот мындай чечим активисттин ден соолугунун начарлашынан улам кабыл алган.

Орозайым Нарматованын саламаттыгы начарлап кеткени буга чейин айтылган. 27-декабрда шаардык сотто бөгөт чарасы каралып жатканда анын абалы начарлап, кулап түшкөн.

Ал былтыр 23-28-октябрда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер менен кошо кармалган. 30га жакын киши “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып жатат. Алардын айрымдары үй камагына чыккан, азыр 20дан ашык адам абакта кармалууда. Анын алтоо аялдар.

286430 1 Орозайым Нарматова абактан чыгып, ооруканага которулду