Элвира Сурабалдиева менен Кундузбек Сулайманов кайым айтыша кетти

Бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Кундузбек Сулаймановдун ортосунда түшүнбөстүк келип чыкты.

Ага себеп Сурабалдиеванын суроосуна, Сулаймановдун мисал айтыңыз деген пикири болду.

“Мен сизге суроо берген жокмун. Министрлер кабинетинен келгендерге берип жатамын. Сиз мени сындап жатканыңыз туура эмес, себеби эртең сизди да сындайбыз. Биз кесиптешпиз, келгиле, бири-бирибизди сыйлайлы. Сиздин башыңыздан көп нерсе өтпөсө, меникинен өткөн. 17 жылдын ичинде мен башыман көптү өткөрдүм”, – дейт депутат.

Буга Сулайманов ага сын айттпаганын жана анын айткандарына эч нерсе кошпогонун билдирип, аны тескерсиниче, колдоорун айтып, кызыккан тараптар тууралуу кенен маалымат берүүгө чакырды.