Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 26-январда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

1b59d71a bb1a 4da0 84cb 1340926b1e81 Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

“Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү.

7892e2ce 36cb 4f22 a826 c6ff073e121a Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

3c0af675 93d1 4bcd aa6b f5becb67f8fb Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди