Садыр Жапаров Ош шаарын өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлдү

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын күнүнө карата калаанын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында 2 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев Ош шаарынын 3026 жылдыгын белгилөө аземинде билдирди.

Бул каражат шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, инфраструктурасын жаңылоого жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Эске салсак, кун мурун А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо шаардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталган эле.