Депутат кылмыш кодексин өзгөртүүгө убакыт келгенин айтты

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов жалпы жыйында сөз сүйлөп жатып кылмыш кодексин өзгөртүүгө убакыт келип жатканын айтты.

«Эки айдын ичинде мага келген каттардын 70 пайызы бүт эле мошенничество. Бүт эле мошенник болуп калыптыр. Бири-бирин алдап жаткандар, акчасын алып бербей жаткан, анан кодекске шылтоолоп, ал жакты карасан шайкеш келбейт… Биз бул кодексти карабасак болбойт», — деди депутат.