Кемпир-Абадды коргоо комитети: “Азаттык” радиосуна болгон басым – улутубуздун келечегине болгон басым

Кемпир-Абадды коргоо комитети СИЗО-1 ден «Азаттыкты» жабуу тууралуу кат жазды.

«”Азаттык” радиосу ондогон жылдар бою элибиздин эң койгөйлүү маселелерин көтөрүп, коомго такталган маалымат жеткирип, социалдык-экономикалык, маданий маселелерди системалуу түрдө көтөрүп, бийлик өкүлдөрүнүн коррупциялык иштерин ачыктап, кыргыз элине ак кызмат кылып келатат.

“Азаттык” эл аралык маселелерди дагы, өлкөбүздүн ички маселелеринде дагы, бийлик менен оппозиция ортосунда дагы дайыма бейтарап болуп, бардык тараптарга бирдей микрофон берип келет. Өлкөбүздүн Маданият министрлигинин, “Азаттыктын”, Тажикстандын агрессиясы маалында, кыргыз жана тажик тараптарга өз позицияларын айтууга бирдей мүмкүнчүлүк бергенин, мыйзам бузуу катары карап, “Азаттыкты” жабуу чечимин кабыл алганы бул акылсыздык же бийликтин буйрутмасы. “Азаттык”, биздин авторитардык бийликтерден айырмаланып, улутубуздун бүгүнкүсүнө дагы, келечегине дагы кызмат кылып келатат. Азыркы авторитардык бийликтен, биз, “Азаттыктан” колун тартуусун талап кылабыз»,-деп жазылат катта.