Айрым мыйзамдарга редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси экинчи окуудан өттү

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору “Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндөгү”, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү”, “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөгү”, “Манас эпосу жөнүндөгү”, “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети” деген сөздөргө, “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөрдү “Министрлер кабинетинин төрагасы” деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды