“Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылган жок

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Волонтердук иш жɵнүндɵгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Бакасов, Таалайбек Сарыбашев, Жаныбек Абиров тарабынан демилгеленген.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоору аркылуу волонтерлордун, волонтердук ишти уюштуруучулардын жана волонтердук уюмдардын укуктарын жана милдеттерин белгилеп, волонтердук иш жөнүндө келишим түзүү тартиби жана анын мазмунуна карата талаптар белгиленген.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева республикадагы ыктыярчылардын саны боюнча маселени көтөрүп, аларды Баткен облусуна тартуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Русланбек Жакышев ыктыярчылардын укуктарын жана жаш курагын коргоо, аларга тиешелүү күбөлүктөрдү берүү маселелерине кызыкты.

Депутат Исхак Масалиев саясий жана диний уюмдар тарабынан ыктыярчыларды тартууга тыюу салуу боюнча бир катар маселелерди тактады. Мындан тышкары, “Келишим түзүшүп, күбөлөндүрүү керекпи?”, — деп сурады.

Демилгечилердин бири депутат Балбак Түлөбаев ыктыярчылар үчүн биринчи кезекте күбөлүк жана келишим керек деп жооп берди.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлердин пикирин эске алуу менен мыйзам долбоору четке кагылды.