Таалайбек Ибраев: Улуттук энергохолдинг жоюлат

Күз-кыш мезгили аяктагандан кийин Улуттук энергохолдинг жоюлат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттар «Электр станциялары» ААК менен «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын талкуулашты.

Депутат Эмил Токтошев Энергетика министрлиги менен Улуттук энергохолдинг кандай иштеп жатканына кызыкты.

«Кандай иштейсиңер, бири-бириңерге кантип тоскоол болбойсуңар, милдеттерди кантип бөлүштүргөнсүңөр? – деп сурады депутат.

Ибраевдин айтымында, учурда Энергохолдингди жоюу маселеси каралууда.

«Эки бөлүмдүн болушу кошумча чыгым. Ошондуктан министрлик иштейт», – деп жооп берди Таалайбек Ибраев.

Белгилей кетсек, Энергохолдинг өкмөттүн 2016-жылдын 6-январындагы токтому менен түзүлгөн. 2018-жылы да депутаттар Улуттук энергохолдингди жоюуну сунушташкан.