Энергетика министри: Майлуу-Сууда 340ка жакын абонентте жылуулук жок

Майлуу-Суу шаарында 340ка жакын абонентте жылуулук жок, калгандарына берилди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Майлуу-Сууда жылуулукка берилген сууну душка жана ашканада дагы колдонот экен. Мурун шаарда кошумча жылуу суу берилип турса, аны жаап салыптыр. Бир гана муздак сууну колдонуп келгендиктен, ал тоңуп калып, жылуулук үзгүлтүккө учурады.

Азыр арыктагы суу менен отказан толтурулууда. Бүгүнкү күндө бир гана отказан калды, иштей элек. Ал эми 1 миң 730 абоненттин баарына электр энергия берилип баштады”, — деди Ибраев.