Министр өлкөдө газ маселеси чечилмейинче электр энергиясын өчүрүүлөр боло берерин айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда газ маселеси чечилмейинче, электр энергиясын өчүрүүлөр боло берерин билдирди.

Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында, калкты жылуулук, электроэнергия жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кырдаал жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.

Депутат Дастан Бекешев жарыкты маал-маалы өчүрүү качанкыга чейин уланышы мүмкүн экенин сураган.

«Газдын басымы жок. Газ маселеси чечилмейинче боло берет, аны айтуу кыйын. Кубаттуулуктук көбөйүп кетиши газ түтүктөрүндө басымдын түшүшүнө тиешеси бар», — деди министр Ибраев.

“Газпром-Кыргызстан” биргелешкен компаниясынын өкүлү Арзымат Алдаяров Кыргызстанга газ стабилдүү жана келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө ташылып келип жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр Бишкек жылуулук борборуна саатына 9300 куб метр кетип жатат.

Министр буга «газ колдонуп жаткан калк деле басым азайганын сезип жатат», — деп жооп берди. Мындан сырткары жарыкты өчүрүү аба ырайына байланыштуу экенин, суук күчүнөн кайтайынча өчүрүүлөр дагы болушу ыктымалдыгын кошумчалады. Министр кошумча генерация алууга мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.