“World Air Quality” уюму: Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын арасында Бишкек алдыда

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 19-январга карата индексинде  Бишкек кайрадан биринчи сапка чыкты.

Абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Индиянын Мумбай, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор шаары турат. Тизменин бешинчи сабына Өзбекстандын Ташкент шаары илинген. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.

Белгилей кетсек, соңку бир нече күндөн бери Кыргызстандын борбору ыштан улам тизмеден түшпөй жатат.