Сүлүктү шаарында диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Сүлүктү ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери, Сүлүктү шаарынын имам хатиби Нурмухамед Мийзамидин уулу жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектептерге, мечиттерге барып, жолугушууларды өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү.
Интернет тармактары аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырылып кетпөө үчүн милиция кызматкерлери жаштарды туура жолго үндөп, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишти.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы