Каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды соттоо сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Финансы пирамидаларын түзгөн шылуунду жана аны жарнамалагандарды дагы жоопко тартуу сунушун берди. 

“Миңденген жарандарыбыз жыл сайын финансы пирамидасы жана каржылык чайкоочулукту камтыган турак-жай кооперативдерине алданып, өмүр бою топтогон каражаттарын алдырып коюп жаташыт. Буга бир канча себептер бар. Айрыкча, финансы пирамидасын пайдаланып, өз максатына жетүү үчүн шылуундук кылган жарандар эл арасында таанымал инсанданды колдонуп, алардын интернет баракчалары аркылуу жарнамалап жатышат. Ал эми таанымал жарандардын посторунан кийин, карапайым жарандар ишенип алып, кылтыкка илинип жатышат”, – деди эл өкүлү.

Буга байланыштуу депутат муну көзөмөлдөө керектигин жана Финансы пирамидаларын түзгөн шылуунду жана аны жарнамалагандарды дагы жоопко тартуу сунушун айтты. 

“Ырчылар, таанымал артисттер, блогерлер жана башка элге таасирдүү инсандар ар бир жарнама үчүн жоопкерчилик бар экенин түшүнүп жана эмнени жарнамалап жатканын алдына ала ойлонот. Мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарды 20 миңден 25 миңдик эсептик көрсөткүчкө барабар айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза  чарасын киргизип жатабыз”,- деди депутат.